Христиандардын чокундуруу жөрөлгөсү өттү
Массалык чөмүлүү Чүйдүн Сосновка айылындагы Кара-Балта дарыясында өтүп жатат. Андан тышкары бул облустун Ленин, Новопокровка жана Воронцовка айылында да бул салтты белгилеп жаткандар көп.
Рождество менен чокундуруунун ортосундагы мезгил "Святка" деп аталат.
Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, ал эми таң эрте чоң сууга түшүп, чайынат.
Диний саамалык өтүп жаткан жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министригинин кызматкерлери көз салып турушат.
Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп ишенишет.