Өкмөт Үйүнүн алдында “Жерлерди трансформация кылуу жөнүндө” мыйзамына байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору Бекназар Айталиев “Азаттыкка” билдирди.
Алар айыл чарба багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу боюнча пунктту сөз болуп жаткан мыйзамдан алып салууну талап кылышууда.
- Мыйзамга президент койгон эскертүүлөрдө “коррупциялык механизмдерге жол ачылып калат” деген бир пункт бар. Ал пункт эми жерди дүң сатып алып, кайра бөлүп сатам деген олигархтарга багытталган болсо, өкмөт аны оңдой берсин. Бирок үйлөр салынып калган жерлерге тийишпесин, алар калсын ошол бойдон. Мыйзамдын негизинде ал жерлер трансформация болуп, жаңы конуштардын миңдеген жашоочуларына жер актылары берилсин. Өкмөттөн биз ошону талап кылып жатабыз. Жашап жаткан жерлерди кайра кыйнагандын кереги жок, - деди Айталиев.
Элүүдөй жаран негизинен Сокулук, Аламүдүн районуна караштуу, Бишкек шаарынын жакасындагы жаңы конуштардан келишкен. Алар вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин чыгышын талап кылып жатышат.
Жердин трансформациясы боюнча мыйзам былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Кийин жай айларында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тартып, артка кайтарган. Анда мамлекет башчы мыйзамга төрт каршы пикир бар экенин айткан.
Ал эми "Трансформация кыймылы" уюмунун өкүлдөрү мыйзамды тезирээк кабыл алууну бийликтен суранып келет. Анын мүчөлөрүнүн пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса 2009-жылы киргизилген мораторийге чейин турак жай курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформацияланып, мыйзамдаштырылмак.
32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган. Ал эми жалпы берилген тилкелердин саны 42 миңдей деп айтылып жүрөт. (ErN)