Кыргызстанда бир жылда алты миңден ашык жол кырсыгы катталды

УКМКга таандык автоунаа катышкан кырсык. Бишкек, 16-ноябрь, 2017-жыл.

2017-жылы Кыргызстанда 6 миң 346 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди. Анын айтымында, бул 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

Кенекеев буга байланыштуу Коопсуздук кеңеши жол кырсыктарын азайтуу боюнча комплекстүү чечим кабыл алганын, жол коопсуздугун камсыз кылуу иштери күчөтүлгөнүн билдирди.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев кырсыктардын 1 миң 864ү катуу ылдамдыктан улам, ал эми 628и жолдо бетме-бет багытка чыга калгандыктан болгонун билдирди. Ал ошондой эле кырсыктардын 36% өлүм менен аяктаганын да кошумчалады. (ErN)