Арызга далил зат катары тиркелген 500 доллардын дайыны жок

"Осьминог" ресторанынын өрттөн кийинки көрүнүшү.

Бостериде өрттөнгөн "Осьминог" ресторанын ээси Аскат Асанкадыров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасында билдиргени боюнча, кылмыш тобунун мүчөлөрү 500 доллар талап кылган:

- Мен алардын үстүнөн арыз жазып, күч кызматкерлери аларды ошол 500 доллар менен кошо кармашкан. Акча далил зат катары тергөөгө, андан ары сотко кеткен. Кийинчерээк ал акча жоголуп кеткени аныкталды. Сотто да, прокуратурада да, тергөө башкармалыгында да жок. Мен бул акчаны "караларга" берип койсом деле болмок экен.

Ишкердин бул дооматы боюнча Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылдык. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы прокуратурада тергөө укугу жок экенин билдирип, бул окуяга тиешеси жоктугун маалымдады. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев ишкердин айткан дооматы иликтенип-териштирилип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

7-январь күнү Ысык-Көлдөгү Бостери айылында «Осьминог» рестораны толугу менен күйүп кеткен. Анын ээси буга жергиликтүү кылмыш тобун айыптаса, милиция "өрт газ баллондун жарылуусунан келип чыккан" деген жоромолун тараткан. Ишкерлерге кылмыш дүйнөсүнүн басымы тууралуу маселе парламентте да талкууланып, депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешев "бийлик ишкерлерди кылмышкерлерден коргой албай жатат" деп сындап чыгышкан. (ZKo)