Жаңы перинаталдык борбордун курулушу 2019-жылы майда аяктайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте курулуп жаткан Улуттук эне-баланы коргоо борборунун перинаталдык бөлүмүнүн жертөлөсү курулуп бүтүп, биринчи кабатынын дубалы тургузулуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Германиянын KFB банкы каржылаган заманбап клиниканын курулушунда азыр элүү киши иштеп жатат.

Атайын тендер жүргүзүлүп, 10 компаниянын ичинен “Тек Имаш” аттуу ишкана курулуш жоопкерчилигин алган. Толугу менен Германия каржылаган жаңы борбордо ымыркайларды жандандыруу, кош бойлуулугу кооптуу болгон аялдарды төрөтүү заманбап техниканын жардамы менен ишке ашмакчы.

Борбор 2019-жылдын май айында колдонууга берилет. (BCh)