Айдоочулук күбөлүк берүү тартиби өзгөрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алыш үчүн экзамен тапшыруунун жүрүшүн онлайн - түз көрсөтүү режимин киргизди. Мындан сырткары, ар бир жаран экзаменди өзү гана тапшыра тургандай биометрикалык жана персоналдык идентификация системасы иштей баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна кабарлады:

- Түз көрсөтүү тартиби киргизилгенден баштап экзаменди ийгиликтүү тапшыргандар кескин азайды. Анткени мында бир да киши курсанттардын жанына келип жардам берип же кеңешин айта албайт. Андан сырткары, жакында курсант өзү гана экзамен тапшыра алчу биометрикалык идентификацияны киргиздик. Курсант өзү гана барып тапшырат, анын ордуна башка бирөө экзаменге кире албайт. Экзаменде берилчү суроолор мурдагыдай 10 эмес, эми 20 болуп калды. Анын 18ине туура жооп бериши зарыл. Мисалы, 16-январда Бишкекте 49 курсант экзаменге кирсе, анын 47си кулап калган.

Жол кыймылынын коопсуздугуна байланышкан абалды жөнгө салуу боюнча токтоосуз чараларды иштеп чыгууну Коопсуздук кеңеши былтыр өкмөткө тапшырган эле. Мындан сырткары жолдогу кырсыктарды азайтыш үчүн айдоочулук күбөлүктү оңду-солду берүүнү токтотуу, бул тармактагы коррупцияны жоюу тууралуу маселелер көтөрүлүп келген.

Мамкаттоонун маалыматына караганда, Кыргызстанда бир жылда 100 миңдин тегерегинде айдоочулук күбөлүк берилет. (КЕ)