Германия Ирандын тыңчысы деп шектелгендердин изине түшүүгө аракеттенүүдө

Берлинде Ирандагы нааразылык акцияларды колдогон демонстрация. 6-январь, 2018-жыл.

Федералдык прокуратуранын 16-январдагы билдирүүсүнө караганда, полиция Ирандын тыңчысы деп шектелген он адам боюнча иликтөөнүн алкагында бир нече жерде тинтүүлөрдү жүргүздү.

Бирок анын натыйжасында эч ким камакка алынган жок.

Полициянын расмий өкүлү Стефан Биелдин айтымында, соңку рейддерге Германиянын ички чалгын кызматы (BfV) алган маалыматтар себеп болгон.

Тинтүү өткөрүлгөн бир нече имаратта “жашыруун кызматтардын ишмердигинин изи” бар-жогу текшерилген.

Жергиликтүү Focus журналынын жазганына караганда, шектүүлөр Израилдин Германиядагы жарандарынын үстүнөн тыңчылык кылган.

Немис прокурорлору шектүүлөр Ирандын тандалма аскерий бөлүгү – “Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун” жашыруун операцияларга жоопкер - "Кудс" күчтөрүнүн мүчөлөрү деген маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартты.

Германия өкмөтү былтыр декабрда Ирандын элчисин тышкы иштер министрлигине чакырып, нааразылык билдирген болчу.

Анда Германияда сот Ирандын пайдасына тыңчылык кылды деп айыптаган пакистандык Мустафа – Хайдар Саид - Нагфи төрт жыл үч айга абакка кесилген. (UE)