Диний көз караштан улам эмделбеген балдар 1200дөн ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык иммунология борборунун жетекчисинин орун басары Жолдош Калилов ата-энесинин диний көз карашынан улам календарлык эмдөөгө алынбаган балдардын саны 1200дөн ашуун экенин "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жеке эле ислам дини эмес, башка диний агымдардын өкүлдөрү да балдарына вакцина сайдырбаган учурлар катталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери мындай үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

2017-жылдын соңку айында кызылча оорусун Орусиядан жуктуруп келген беш мигрант бала дарылоодон өттү. (BCh)