Түркия Сирияда күрттөрдүн чек ара күчтөрүн түзүүгө каршы чыкты

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Орусия менен Түркия АКШнын Сириядагы күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берип жатканын сындап чыгышты.

"АКШ биздин чек аранын айланасында террорчул армияны түзүп жатканын мойнуна алды. Биз бул террорчул армия төрөлгөнгө чейин аны жок кылышыбыз керек",-деп билдирди түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 15-январда.

Сириянын армиясы чек ара күчтөрүнүн түзүлүшүн "өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жасалган чабуул" катары мүнөздөдү. Президент Башар Асадды колдоп келе жаткан Орусия бул план Түркия менен Ирактын чек арасына жакын чоң аймактын "бөлүнүп калышын" шарттайт деп кабарлады.

Аймакта "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШ баш болгон эл аралык коалиция алдыдагы бир канча жылда 30 миң адамдан турган чек ара күчтөрү түзүлөөрүн билдирген. Алар араб жана күрттөрдөн турган "Сириянын демократиялык күчтөрү" көзөмөлдөгөн аймакка жөнөтүлмөкчү. Бул топ учурда Түркиянын түндүгү менен Ирактын чыгыш тарабы менен чектешкен Сириянын аймактарын көзөмөлдөп турат.