Түркияда жүргүнчү учак деңизге кулап кете жаздады

Иллюстрациялык сүрөт.

Анкарадан Трабзонго учуп келген "Боинг 737-800" учагы 14-январда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аварияга кабылды. Ал жарга такалып, аз жерден деңизге кулап кете жаздаган.

"Pegasus Airlines" компаниясына таандык учактын бортунда 168 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда, эч ким жабыркаган жок. Жүргүнчүлөр лайнердин арткы бөлүгүндөгү эшик аркылуу эвакуацияланды. Окуянын себептери иликтенүүдө. Авиакырсыктан кийин аэропорт бир нече саатка жыбылды.