Дача-СУда учак кырсыгынын курмандыктарына эстелик ачылды

Эстеликти ачуу учуру. 13-январь, 2018-жыл

Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышууда.

Каза болгондорду кайтарып алууга мүмкүн эместигин айткан Абулгазиев, кырсыктан жабыркагандарга, набыт кеткендердин жакындарына жалпы өлкө жарандары чогулткан каражат толук берилгенин, ошондой эле кырсыкка кабылган учактын ээси - түркиялык компания да жабыркагандарга кенемте төлөгөнүн маалымдады:

- Акчалай жардамдарды каза болгондордун жакындары өздөрү бөлүштүрдү. Түрк компаниясы төлөгөн кенемтенин суммасы курман болгондордун жакындарынын каалоосу боюнча ачык айтылган жок. Кенемтенин суммасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй деңгээлде төлөндү, эч ким нааразы болгон жок.

Учак кырсыгынан жабыркагандардын өкүлү Венера Шейшенова өкмөттүк комиссияга нааразылыгы жок экенин билдирип, бийлик органдары жабыркагандардын бардык маселелерине көмөк көрсөттү деп айтты. Шейшенова ошондой эле маалымат каражаттарын
ар кандай имиш сөздөрдү таратпоого чакырды.

Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда, Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган.

Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.(BkA/ZKo)