АКШ "Хезболланын" баңгизат соодасына байланышын иликтейт

АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс.

АКШнын Юстиция министрлиги Ливандагы "Хезболла" тобунун баңгизат соодасына байланышын иликтейт. Бул тууралуу башкы прокурор Жефф Сешнс 11-январда кабарлап, бул багытта атайын иликтөөчүлөр тобу түзүлүп жатканы кошумчалады.

"Бул топ чет өлкөлүк террорчул уюмдарга агылган акчага жана эл аралык баңгизат соодасына бөгөт коюу боюнча иш алып барат", - деди Сешнс.

Анын алдында Конгресстеги республикачылар "АКШнын Баңгизатка каршы күрөш департаментинин "Хезболланын" шектүү аракеттерин иликтешине жолтоо болгон" деп мурдагы президенттик администрацияны сынга алышкан.

Ирандан колдоо алган, шиит багытын карманган "Хезболла" тобун АКШ террорчул уюмдардын тизмесине кошуп, бул уюмга бир нече жолу санкция киргизген.