Чехияда эки күндүк президенттик шайлоо башталды

Чех президенти Милош Земан. 31-октябрь, 2017-жыл.

Чехиянын жарандары жаңы президентти шайлоого киришти. Анда өлкөнүн азыркы президенти Милош Земан (чехче Miloš Zeman; 1944-жылы туулган) баш болгон тогуз талапкер ат салышууда.

Добуш берүү жума күнү (12-январда) башталып, ишембиде жыйынтыкталат. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында иммиграцияга каршы турган жана орусиячыл катары мүнөздөлгөн азыркы президент Земан алдыга чыгат деген божомолдор бар.

Эгер биринчи айлампада бир да талапкер көпчүлүк добушка ээ боло албаса, эң көп добуш алган эки талапкер 26-27-январда президенттик шайлоонун акыркы айлампасында күч сынашат.

Земан Чехиянын президенти болуп 2013-жылы шайланган. Ал кезинде Европадагы миграция кризисин "уюшулган басып алуу аракети" катары мүнөздөп, мусулмандар "интеграция болушу мүмкүн эмес" деп айткан.

Талапкер Йиржи Драгошту колдогон көрнөк. Прага шаары. 11-январь,. 2018-жыл.

Химия профессору жана Чехиянын Илимдер академиясынын эки жолку президенти Йиржи Драгош (чехче Jiří Drahoš; 1949-жылы туулган) Земандын эң башкы атаандашы катары каралууда. Анын дагы бир атаандашы - мурдагы өкмөт башчысы Мирек Тополанек (чехче Mirek Topolánek; 1956-жылы туулган). Ал 2006-2009-жж. Чехиянын премьер-министри болгон жана 2002-2010-жж. оңчул-чордончул Атуулдук-Демократиялык партиянын төрагасы болгон.

Чехияда 8,4 миллион шайлоочу бар. Добушканалар 13-январда саат 14:00дө жабылып, кечинде алгачкы жыйынтыктар белгилүү боло баштайт.