Дарыгер Тельмандын тилеги - айылдагы абалды оңдоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан үч жыл мурун жаш дарыгерлер депозити программасынын негизинде Жумгал районунун Чаек айылына убактылуу келген Тельман Бакиев азыр шарты жакшы башка жерде иштөө тууралуу такыр ойлонбой калды. Буга айыл жеринде кесибине муктаж адамдардын көптүгү жана алардын саламаттыгына кайдыгер карай албагандыгы башкы себеп.