Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады. Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын ажылык, умра жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.
- Түз Жидда жана Медина шаарларына учуу, өз убагында көрсөтүлгөн жерге жеткирүү, учакта ажыларга эки маал адал тамак берүү, жүк жоголгон учурда ордун таап берүү сыяктуу 30дай талап коюлган, - дейт ал.
Сынактын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат.
Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат.
2017-жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга 4760 орун бөлгөн. Сапардын баасы 2760 доллар болгон. (КЕ)