12-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6;

Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1;

Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10;

​Бишкекте 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° суук болот. (ErN)