АКШнын соту иммигранттардын балдарын коргогон программаны колдоду

АКШдагы иммигранттардын балдары.

Сан-Францисконун федералдык соту АКШнын президенти Доналд Трамптын мыйзамсыз мигранттардын балдарын депортациялоодон коргогон программаны жокка чыгарган чечимине убактылуу бөгөт койду. Бул тууралуу "Washington Post " гезити жазып чыкты.

Иммигранттардын балдарын коргоо программасы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген. Анын алкагында АКШга мыйзамсыз жол менен келип, ал өлкөдө окуп калган иммигранттардын балдарын депортациялоо мөөнөтүн эки жыл сайын узартып турууга мүмкүнчүлүк берилет.

АКШда азыр андай балдардын саны 700 миңге чукулдайт.

Өткөн жылдын сентябрында Ак үй бул программаны токтоткон. АКШнын 15 штаты жана Колумбия округу Трамптын чечимин сотко берип, президенттин аракетин конституциялык эмес деп таанууну өтүнүшкөн.