11-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз маал-маалы менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1;
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -9...-14;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болот, кэчкээ жакын -5° суукка чейин төмөндөйт.