Эки Корея аскер жетекчилеринин диалогун улантышат

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын делегациялары жолугушуп жаткан учур. 9-январь, 2018-жыл.

Сеул жана Пхеньян Коргоо министрликтеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдү жандантмак болушту. Тараптар бул тууралуу 9-январда эки өлкөнүн өкүлдөрү түндүк кореялык спортчулардын Пхёнчхангдагы Олимпиадага катышуусун талкуулаган жолугушууда макулдашты.

Биргелешкен билдирүүдө тараптар ортодогу талаштуу маселелерди «диалог жана сүйлөшүүлөр» жолу менен чечүү тууралуу макулдашканы айтылат.

Документте ошондой эле Түндүк Кореянын Олимпиададагы делегациясына спорт жетекчилери, атлеттер, колдоо тобу, артисттер, көрүүчүлөр, таэквандо чеберлери жана журналисттер кирери такталган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда Олимпиадага делегация жиберүү маселеси каралаарын айткан, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин муну кубаттаган. Соңку айларда Пхеньяндын ракета сыноолорунан улам коңшулар ортосундагы чыңалуу улам күчөп жаткан.

АКШнын президенти Доналд Трамп эки Кореянын сүйлөшүүлөрүн колдоду. Ал эми Коргоо министрлиги Түштүк Корея менен жыл башына пландалган аскердик машыгуусун кийинкиге жылдырды.

Кытайдын жетекчилиги да эки коңшунун диалогун кубаттады.