Ирандык депутат өкмөткө каршы демонстрацияларда 3700 киши кармалганын айтты

Тегерандагы демонстрация. 30-декабрь, 2017-жыл.

Иран парламентинин депутаты өкмөткө каршы нааразылык акцияларында 3 миң 700 киши кармалганын билдирди. Реформачыл депутат Махмуд Садеги келтирген сан бийлик маалымдагандан алда канча жогору.

28-декабрдан тартып өлкө боюнча ондогон шаарларда өткөн акциялардын катышуучулары жумушсуздук, коррупция боюнча нааразылыгын билдиришкен. Кээ бир демонстранттар жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин жана консерватор динаятчылардын режимин кулатууга чакырышкан. Хаменеи болсо нааразылык акцияларынын артында АКШ жана анын өнөктөштөрү турганын айтып келатат. Вашингтон бул айыптоолорду четке кагууда. Демонстрациялар жана аларды басуу учурунда 22 киши каза тапты.