АКШ: шайлоону иликтеген прокурор Трамп менен маектешет

Дональд Трамп менен Роберт Мюллер.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер 2016-жылкы президенттик шайлоодо Орусия менен Трамптын штабы ортосундагы ыктымал байланышты изилдеген иштин алкагында президенттен интервью алууну көздөгөнүн Ак үйгө билдирди. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары маселе менен жакындан тааныш адамдарга шилтеме кылып жазышты.

Алар кабарлашкандай, Мюллердин тергөө тобу Трамптын адвокаттарына президент менен маектешүү болоорун эскертти. Бирок так күн белгилене элек.

Ак үйдүн өкүлдөрү Мюллердин иликтөөсү соңку этабына жакындады дешет. Трамп жана анын адвокаттары Орусия менен кутум болбогонун ырастап, атайын прокурор менен кызматташышаарын айтып келишкен.

Ак үйдүн адвокаты Тай Кобба 8-январдагы билдирүүдө Мюллер менен сүйлөшүүлөр комментарийленбейт, бирок президенттин кеңсеси иликтөөнүн тезирээк аягына чыгышы үчүн кызматташууну улантат деди.