Чуулуу китептин автору Трампты “жылаңач падыша” деп атады

“Өрт жана каар” китеби

“Өрт жана каар” аттуу чуулуу китептин автору Майкл Вулфф китебинде айтылган маалымат акыры Трампты Ак үйдөн кетирет деп билдирди. Ал өз эмгегинде АКШ Дональд Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясы жана президент болгондон кийинки алгачкы айлары жөнүндө жазган.

Вулфф Би-Би-Сиге берген интервьюсуда китептин жарык көрүшү менен көптөгөн адамдар Трампты “жылаңач падыша” катары көрө баштарын айтты. Бирок автор АКШ президенти импичмент жолу менен кызматынан кетеби же жаңы мөөнөткө шайланбай калабы - муну тактаган жок.

Чуулуу китеп АКШда жума күнү сатыкка чыкса, интернетте айрым үзүндүлөрү жарыялана баштады. Андай үзүндүлөрдүн биринде Трамп президент болууну каалаган эместиги, ал эми анын талапкерлиги жөн гана жарнамалык кампания болгону жарыяланды.

Трамп өзү китепти жалганга чыгарып, авторду ийгиликке жете албаган адам катары сыпаттады. Ал ошондой эле Вулффка интервью берген өзүнүн мурдагы кеңешчиси Стив Бэннонду катуу сындап чыкты.

АКШ президентин өлкө башчылыкка психологиялык жактан даяр эмес деп айткан сынчылар ишемби күнү Трамптан "Твиттер" аркылуу жооп алышты. “Жашоодо психикалык туруктуулук менин негизги көрсөткүчүм болуп саналат, мен жиндилерсиз эле акылдуумун... Мен алгачкы мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп эле АКШнын президенти болдум. Бул жөн гана акылдуулук эмес, бул даанышмандык”, - деп жазды Трамп.