Бишкек-Ош жолундагы абал үчүн чара көрүү тууралуу сунуш түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жол маселеси боюнча тиешелүү мекемелер парламентте маалымат берүүгө тийиш, зарыл болсо атайын депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Көптөгөн депутаттар Бишкек-Суусамыр-Ош автожолунда Жаңы жыл алдында түзүлгөн кырдаал боюнча кескин сын айтып, нааразылыгын билдиришти.

Депутаттар жыл сайын кыш түшүп, кар көп жааганда бул трассада айдоочулар менен жүргүнчүлөр кыйналып жатканын айтып, тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуш кылышты.

Тыгынга өзү туш болуп, 24 саат бою жолдо турган депутат Калдарбек Баймуратов абалды жөнгө салган кызматтын жоктугунан башаламандык болгонун маалымдады.

“Бишкек-Ош жолуна жооптуу дирекция өз милдетин аткарбай жатат” деди депутат Үмбөталы Кыдыралиев.

Учак кызматын пайдалангандар да кыйынчылыкка учурап жатканы тууралуу сөз болду. Депутат Төрөбай Зулпукаров Бишкек-Ош авиакаттамындагы көйгөйлүү маселелерди парламенттин тармактык комитетинде кароону сунуш кылды.

“Кышында биринчи жолу кар жааганда эле кыйынчылык жаралды. Аткаруу бийлик органдарында пландоо деген жок калды. Социалдык өлкө болгондуктан, дотация принциби менен иштешибиз керек” деди депутат Исхак Масалиев. (RK)