Иске ууланган окуучулар айыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Кегети айылында жаңы жылдык балатыга барып, иске ууланган окуучулар менен мугалимдердин баары тең ооруканадан чыкты. Алардын абалы жакшы экенин бүгүн “Азаттык” радиосуна Чүй райондук ооруканасынын башкы дарыгери Нурбек Абдрахманов билдирди.

Окуя 27-декабрда болгон. Кегети айылынын мектебинде 5-6-7-8-класстардын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулган.

Кечинде Токмоктогу Чүй райондук ооруканасына 106 окуучу жана төрт мугалим кайрылган. Алардын 38и жалпы палаталарга, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, баарына "иске уулануу" деген диагноз коюлган.

28-декабрда айылга билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева барып, жагдай менен таанышкан. Министрлик "балдар мектептин ичинде кооптуу абалда калышына жол берген кызматкерлердин ишин атайын комиссия териштирет" деген тыянакка келген. (RK)