Катуу шамалдан зыян тарткан айылдарга шифер жөнөтүлдү

Талас. Шамалдан кийинки көрүнүш. 27-декабрь, 2017-жыл.

Катуу шамалдан жабыркаган айылдарга шифер жөнөтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, бүгүн Кант шифер заводунан 4760 даана шифер жүктөлүп, Ала-Бука районуна кетти, кечээ 1980, жалпысынан ӨКМ унаалары менен 6740 даана шифер жөнөтүлдү.

Ал эми Талас облусуна 1210 даана шифер жүктөлүп жөнөтүлдү.

27-декабрда Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан.

Ал эми Таласта Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында 400гө жакын турак үйдүн, 30дай мекеменин чатырын секундасына 26 метрге чейин жеткен шамал керектен чыгарган. (RK)