Түркия С-400 ракеталарын алуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүнү улантууда

Орусиянын С-400 ракеталык системасы.

Бул туралуу түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, Анкара Москвадан абадан коргонуу боюнча С-400 ракеталык системасын сатып алуунун алкагында анын технологиясынын да өткөрүлүп берилишин сүйлөшүүдө.

Чавушоглу Германиянын ДПА агенттиги менен маегинде алар мындай жабдууну “НАТОдогу өнөктөштөрүнөн сатып алууну көздөгөнүн, бирок бул ишке ашпаганын”, “Орусия эң жакшы макулдашууну сунуш кылгандыктан,” ошол жактан сатып алып жатышканын кошумчалады.

Түрк тышкы иштер министри ошондой эле анын өлкөсүнүн ракеталык системаны Орусиядан сатып алышы НАТО боюнча өнөктөштөрдө тынчсыздануу жаратканын, Түркия буга “чукулунан муктаждыгын” кошумчалады.

Түркия менен Орусия ортосунда наркы 2,5 миллиард долларлык келишим түзүлгөнү расмий 27-декабрда жарыяланган.

Чавушоглу белгилегендей, Орусия Түркияга ракеталык системанын алгачкысын 2020-жылы берет.

“Алар принцибинде биргелешкен өндүрүш, ошондой эле технологияны өткөрүп берүү болорун айтышты. Бирок бул али орто жана узак мөөнөттө сүйлөшүлө турган маселе”,- дейт Түркиянын тышкы саясий мекеме башчысы. (UE)