Түндүк Корея өзөктүк дараметин азайтпайт

Түндүк Корея өзөктүк дараметин кеңейтүү планынан артка кайтпайт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады.

“АКШ жана анын өнөктөштөрү өзөктүк коркунуч туудурганда биз өлкөнү коргоонун кубатталуугун арттырып, алдын алуучу сокку урууга жөндөмүбүздү күчөтөбүз”, – деп айтылган Пхеньян тараткан билдирүүдө.

Декабрдын соңунда АКШ Түндүк Кореяга карата санцияларды кеңейткен. Андан соң БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын ноябрдын соңундагы баллистикалык ракеталарды сынашына жооп катары жаңы санкцияларды киргизген.

Улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, Түндүк Кореяга мунай продуктуларга экспорттун көлөмү азыркыга салыштырмалуу 85 пайызга төмөндөйт.