Египетте өлкөнүн мурдагы президенти Мухамед Мурси сот бийлигине акарат келтиргени үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Каирдин соту Мурси төрт жыл мурда сотто сүйлөгөндө «бийликтин бир бутагына каршы жек көрүүчүлүктү» жайылтуу максатын көздөгөн деп айыптады.
Сот экс-президенттен башка бул иш боюнча дагы 18 айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратты.
Экс-президент 2011-жылкы массалык башаламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал өкүмдү да кассациялык сот жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге бардыгы болуп төрт кылмыш иши козголгон.
Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин Мурси 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип, Египет тарыхында демократиялык жол менен келген алгачкы жетекчи болуп калган. Бир жылдан кийин аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында кызматтан кетип, "Мусулман агайындар" кыймылынын мүчөлөрү жана башка тарапкерлери куугунтукка кабылган.