Мүлк фондунун башчысы болуп Ренат Түлебердиев дайындалды

Ренат Түлөбердиев.

37 жаштагы Ренат Түлебердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда кол койду.

Түлебердиевди Мүлк фондунун жамаатына өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев тааныштырды. Түлебердиев буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Мүлк фондунун буга чейинки төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземиндеги “бомба чуусуна” байланыштуу кызматын тапшырган. (Uez)