ИИМ: шектүү Саляновду карактоо максатында өлтүргөн

Улан Саляновдун үйү.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча негизги шектүү катары кармалган жаран мурда 4 жолу соттолгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шектүу буга чейин карактоо, тоноо, уурулук жана бейбаштык сыяктуу оор кылмыштар боюнча 4 жолу соттолгон.

- Кылмышка түрткөн негизги жагдай катары карактоо каралып жатат. Анткени аларда анын акчасы бар экени тууралуу маалымат болгон. Алардын ортосунда буга чейин да аласа-бересеси болгону тууралуу маалымат такталып жатат. Маркум 2010-2017-жылдары машине сатып иштеген. Бул жерде акчага байланыштуу жагдай бар, - деди Сейитов.

Сейитов кошумчалагандай, учурда кылмышка шектүүнүн шериктери изделип, аларды кармоого даярдык жүрүп жатат.

Кечээ, 27-декабрдын түнүндө милиция 1986-жылы туулган жаранды Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүу катары кармаган. Анын жанынан Салянов атылган Макаров тапанчасы 17 огу менен табылган. Кармалган жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал баштапкы суракта күнөөнү мойнуна алган. Учурда табылган тапанча экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылып жатат.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. Депутат Салянова ишти иликтөө абдан жай жүрүп жатканы тууралуу даттанган. ИИМ болсо Саляновдун өлүмүндө саясий мотив жок экенин, иликтөө иштери министрдин жеке көзөмөлүндө экенин айтып келген. (UEz)