Рахатка жапа тырмак жардам беришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мургабдан көчүп келген кайрылман үй-бүлөнүн таянар тоосу, 17 жаштагы кайратман кыз Рахаттын тагдырын “Азаттык” мындан төрт ай мурун чагылдырган болчу. Жаштайынан калем ордуна кетмен кармаган Рахаттын инилерим билим алса, өз үйүбүз болсо деген кыялы бар эле. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин кайрадан кезиктик.