Кыргыз-кытай чек арасы 30-декабрдан 2-январга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен жаңы жыл майрамына байланыштуу жабылууда.
Ошентип “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери 2-январдан тартып иштей баштайт.