Иманалиев: Азыркы парламенттин канаты кыркылган

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сот саясий чечимдерди чыгарууга ылайыкташкан коркунучтуу органга айланып баратат. Мындай пикирин “Азаттыктын” 2Х1 форматындагы маегинде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Саясатчы ошондой эле НТС телеканалы баштаган кыргыз медиасынын айланасындагы окуялар, учурдагы саясий кырдаал, жаңы президенттин, парламенттин ишмердиги, жеке өзүнө карата айтылган сындар тууралуу суроолорго жооп берди.