26-декабрга карата аба ырайы

Кыш.

Шашылыш билдирүү: 26-28-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн. 26-декабрда жаан жаап карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы ыктымал. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетмекчи. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

26-декабрда өлкө боюнча абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз -3...+2;

Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градуска чейин жогорулайт.

Эртен Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1...+1, күндүз 0...+2.