Беларус криптовалютаны мыйзамдаштарды

Биткоин виртуалдык валютасы

Беларус биткоин сыяктуу криптовалюта же виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү мыйзамдаштырды. Президент Александр Лукашенко тиешелүү декретке 22-декабда кол коюп, бул чечимин чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу максаты менен түшүндүрдү. Ал криптовалюталардын мыйзамдаштырылышы Беларусту интернеттеги транзакциялардын чордонуна айлантат деп ишенерин айтты.

Лукашенко Минск маалымат технологиялары (IT) жаатында иш алып барган дүйнөлүк фирмаларга өз филиалдарын Беларуста ачуусу үчүн шарт түзүүнү көдөйт деп кошумчалады.

Беларус президентинин декретине ылайык, виртуалдуу валюта аркылуу ишке ашкан соода-сатык операцияларынан 2023-жылдын 1-январына чейин салык алынбайт.

Европадагы авторитардык өлкө деп мүнөздөлгөн Беларуста IT индустриясы ийгиликтүү иштеп жаткан саналуу тармактардын бири. 2006-жылы Минскте бул тармакты өнүктүрүү максатында Жогорку технологиялар паркы ачылган.

Учурда Беларуста 115 миң IT адистери иштеп, айына өлкөдөгү орточо айлык акыдан кыйла көп маяна же орто эсеп менен 1800 доллар табышат.