Доого жыгылган журналисттерге бир күндө 7700 сом чогулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Сот тарабынан ири өлчөмдөгү доого жыгылган журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова, экс-депутат Чолпон Жакупованы колдоо максатында ачылган электрондук капчыкка бир күндө 7700 сом чогулду. Бул тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин өкүлү Адил Турдукулов кабарлады.

Жарандык активисттер "Zanoza.kg​" сайтын негиздеген Нарын Айып, Дина Маслова жана “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова үчүн “ЭлСом” электрондук капчыгын 20-декабрда ачышкан. Капчык номуру - 0555 750-882.

Быйыл жазында Башкы прокуратура "Zanoza.kg" сайтына чыккан "айрым материалдар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 30 миллион сом өндүрүү боюнча беш доо арыз берген.

Анын негизинде райондук, Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.