22-декабрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдорго муз тоңот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градус.
Бишкек шаарында түндө бир аз кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн температура -3…-5, күндүз +5…+7 градус болот.