Аида Салянованын соту өтүп жатат

Аида Салянова.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор, экс-министр Аида Саляновага байланыштуу ишти кароону улантууда.

Бүгүн 2010-2016-жылдар аралыгында Юстиция министрлигинде иштеген Гүлзат Жумасаева күбө катары суроолорго жооп берди. Ал Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болбогонун билдирди. Учурда соттук коллегия ишти териштире баштады.

19-декабрдагы соттук отурумда айыпталуучу жана адвокаттар эки судья "ооруп калды" деген жүйө менен башка судьяларга алмашканына каршы болуп, соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцовага ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Аида Саляновага "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин белгилеп келет.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек. Мындай өкүмгө макул болбогон Салянова доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна 19-октябрда кайрылган. (КЕ)