Бабановдун "Фейсбуктагы" барагында НТС тууралуу билдирүү жарыяланды

Өмүрбек Бабанов.

Билдирүүдө Кыргызстанда рейдерлик жол менен сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алууга даярдык жүрүп жатканы айтылган.

"Кыргызстандык соттор Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуубу же тартып алуубу?», - деп жазылган.

НТС телеканалы "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып жүрөт.

Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал чет өлкөдө ден соолугун чыңдап жүргөнүн, дарыланып бүткөн соң, мекенине кайтып келерин анын парламенттеги фракциялаштары билдиришкен.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. (ZKo)