ИИМ: Бакиевдерди издөө токтотулганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Максим Бакиев боюнча Интерполдогу маалымат.

"Интерпол Кыргызстандын бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин жакындарын издөөнү токтотту" деген маалымат тастыкталган жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Интернетке чыккан кабарды тактоо боюнча Интерполго да кат жөнөтүлдү:

- Аларга издөө жарыялоо боюнча демилге бизге таандык. Эгер Интерпол издөөнү токтото турган болсо, дароо бизге маалымат берип, эмне себептен мындай чечим чыгарылганын бизге айтышы керек. Бизге андай маалымат келген жок.

18-декабрда айрым маалымат каражаттары Курманбек Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнөн Жаныш, Максим, Искендер жана Ахмат Бакиевдерди "издөө токтотулганын" жазышкан.

Кыргызстанда 2010-жылдагы бийлик алмашуудан соң Бакиевдерге КМШ ичинде мамлекет аралык издөө, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Алардын баарына сыртынан айыбы угузулуп, бир топ кылмыш беренелери боюнча соттолушкан.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Беларуска качып, ошол жактан башпаанек тапкан. (SE)