УКМК Зилалиевди суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевди суракка чакырды.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Зилалиев бомба тууралуу жалган маалымат боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде көрсөтмө берди. Андан башка маалымат айтыла элек.

Буга чейин УКМК "президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлду" деген кабар боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазышкан. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан.