Бишкекте бир киши өрттөн каза болду

Бишкектин Ленин районундагы үйлөрдүн бири өрттөнүп, турак-жай ичинде бир адам набыт болду. Кырсык 19-декабрда таңга жуук болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маркумдун тек-жайы такталууда.