АКШ Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшөт

Ташкент менен Вашингтон Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү жараянына АКШнын жардам бериши тууралуу макулдашууга келишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн Тышкы соода министрлигине шилтеме кылып кабарлашты.

Өзбекстанда өткөн макулдашууга кол коюу жыйынына АКШ тараптан өлкөнүн Орто жана Түштүк Азия боюнча соода өкүлү М.Линскотт катышты.

Маалыматка караганда, алдыга коюлган максаттарды ишке ашырыш үчүн Өзбекстандын Тышкы соода министрлиги менен АКШнын Соода палатасынын кызматкерлеринин ортосунда туруктуу байланыш түзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШнын тарифтик жеңилдетүү системасына Өзбекстандын катышуусуна байланышкан маселелер дагы көтөрүлдү.

Буга чейин "Regnum" агенттиги Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматына таянып, президент Шавкат Мирзиёевдин 23-ноябрдагы Түштүк Кореяга сапарында Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшүү боюнча меморандумга жана «Жол картасына» кол коюлганын билдирген.