Кыргызстандын гимни кабыл алынганына 25 жыл толду

Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда жарандар оң колун жүрөктүн тушуна коюшат.

Кыргызстандын мамлекеттик гимни кабыл алынганына 25 жыл толду. Өлкөнүн ураан ыры 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште бекитилген.

Ырдын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданалы Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш менен коштолгон. (SE)