КСДП Оторбаевге ишеним көрсөтпөөнү чечти

Кубат Оторбаев

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна фракция мүчөсү Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге Оторбаевдин фракциянын бүгүнкү жыйынына катышпаганы себеп болду:

- Акыйкатчы ар бир жылдын апрелинде жылдык отчетун бериш керек. Адам укуктары боюнча 2016-жылдагы баяндамасы бизге быйыл апрелде жөнөтүлгөн. Андан бери сегиз ай өттү. Сегиз айдан бери беш жолу чакырылган, күн тартибине киргизилген. Бирок баяндамасын жактаганы келбей койгон. Бүгүн ошондой чечим кабыл алдык.

Момбеков фракциянын чечими акыркы эмес экенин, эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарыларын кошумчалады.

“Жалпы парламент көпчүлүк добуш менен Акыйкатчынын жылдык баяндамасын кабыл албай койгону аны кызматынан алуу менен барабар болот”, - деп белгиледи Момбеков.

“Азаттык” радиосу Кубат Оторбаевдин өзү менен байланышууга аракет жасады, бирок анын чөнтөк телефону өчүк болгондуктан Акыйкатчынын кабылдамасына кайрылды. Ал жактан Оторбаев ден соолугуна байланыштуу бүгүн жумушка чыкпаганын айтышты.

Жогорку Кеңеш Оторбаевди Акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган.(RK)