Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилине которулду

Уинстон Черчиллдин "Асти сынбагыла" китеби.

Улуу Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” деп аталган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Китептин кыргызча котормосун “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду чыгарды.

Фонддун өкүлдөрү билдиргендей, бул китеп - 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы.

Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова которду. Аны чыгарууга Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да көмөк көрсөткөн. Жыйнакта Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн топтому камтылган. (NT)