АКШ Орусиянын Сириядан аскерлерин чыгарарына анча ишенбейт

Президенттер Асад жана Путин Хмеймим аскер базасында. 11-декабрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдирүүдө. Маселен, Пентагондун басма сөз өкүлү Эдриан Ранкайн-Галлоуэйдин айтымында, алар президент Владимир Путиндин жарыясынан бери Сириядагы орус аскерлери олуттуу азайганын байкай элек.

Пентагон өкүлү Орусиянын буга чейинки жарыяларынан кийин деле Сириядагы орус аскерлери олуттуу азайбаганын эске салды.

Президент Владимир Путин 11-декабрда Сириядагы Хмеймим аскер базасына барганда бул өлкөдөн орус аскерлеринин негизги бөлүгүн чыгарууга буйрук бергенин жарыялаган.

Путин ал жердеги сүйлөгөн сөзүндө Орусия менен Сириянын күчтөрү “урушка эң жөндөмдүү эл аралык террорчу топту талкалашканын” да белгилеген.

Буга байланыштуу АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү “Орусиянын “Ислам мамлекети” тобу жеңилгени тууралуу билдирүүсү азырынча эртелик кылат” деп айтты.

Орусия менен Сирия жана АКШ баштаган коалиция бул жерде “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскердик өнөктүктү өз-өзүнчө жүргүзүп келишти.

Пентагон жакында Сирияда 2000дей аскери бар экенин ачыка чыгарып, алар бул өлкөдө “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери кайтып келгис болгуча турарын билдирген. Орусиянын Сириядагы аскер күчтөрүнүн саны буга чейин расмий айтылган эмес. (UE)