Ташкентте темир жол боюнча жумушчу топтун алгачкы жолугушуусу өтөт

Ташкент, 13-декабрь, 2017-жыл.

13-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча жумушчу топ ишке киришерин, анын биринчи жолугушуусу 25-декабрда Ташкентте өтө турганын айтты.

- 25-декабрда эксперттер жолугат. Сооронбай Жээнбеков менен бул маселени тездетүү боюнча сүйлөштүк. Траспорттук-логистикалык маселе боюнча автобустук каттамды ачууну, Ташкент-Бишкек эле эмес, Ташкент-Ош каттамын да ачууну сүйлөштүк. Суроо-талап абдан жогору.

Бул маалыматты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да ырастады.

Өзбек президенти Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле ал Кыргызстандын жетекчилери менен бир жылда жогорку деңгээлдеги үч жолу жолугушуу болгонун, бул элдин колдоосуна татыган тарыхый учур болуп жатканын кошумчалады.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы эки күндүк расмий иш сапары башталды. Бүгүн түштөн кийин Ташкентке барган Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов салтанаттуу тосуп алышты. Президент Ташкентте Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине, мурдагы өзбек лидери, маркум Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери сөз болуп келет. Жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 2012-жылдагы эсепте 430 чакырым келип, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжонгон. (КЕ/ZB)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков расмий сапар менен Ташкентке барды