​Нарындыктар жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын шаарында бүгүн жөлөкпулдар жөнүндө жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясы өттү. Элүү чакты киши облустук акимчиликтин алдына чогулуп, балдары үч жаштан өткөндөн кийинкилердин жөлөкпул алуу тартибин туура эмес болгонун айтышты. Чогулгандарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, алардын талабын жогорку бийлик бутактарына жеткирерин убада кылышты.