Министрлик: Ички авиакаттамдын билет баасы төрт миң сомдон ашпайт

"Манас" аэропорту.

Кыргызстанда ички авиакаттамдардын баасына чек коюлду, бирок мындай тартипке бир гана “Эйр Манас” авиакомпаниясы көнбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди:

- “Тез Жет” менен “Авиа Трафик” компаниялары макул болуп, 1-декабрдан баштап 4000 сомдон ашырбоо тууралуу протоколго кол коюлуп, ошол боюнча билеттерди сата башташты. Бир гана “Эйр Манас” макул болбой турат.

Ички рейстерге баа кымбат, кээде 5000 сомдон жогору болуп жатканы тууралуу маселе парламентте буга чейин бир да көтөрүлгөн.

Өкмөт ички авиакаттамдардын билет баасына дайыма эле таасир эте албай турганын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирген. Анын айтымында, учак билеттеринин баасы 20 пайыз кескин кымбаттаганда гана мамлекет кийлигишпесе, калган учурда жеке авиакомпаниялар каалаган баага сатууга укуктуу. (RK)